• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда жалган маалымат тараткан сайт аныкталды

27 Жалган куран 2020 11:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жалган маалымат тараткан сайт аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга аракет жасаган адамдарды аныктоо үчүн интернетке жасалган талдоо жана мониторингдин жүрүшүндө The Asia Times сайты 25-мартта такталбаган маалымат жарыялаганы аныкталды.

«Аталган сайт «Кыргызстанда 2 бейтап коронавирустан каза болду» деген аталыштагы жалган маалымат таратып, калк арасында дүрбөлөң жараткан. Бул факт Жазык кодексиндеги 344-берене (жалганал билдирүү жасоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 7100