• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда жалпы 17 кризистик борбор бар

26 Жетинин айы 202012:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жалпы 17 кризистик борбор бар. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтобекова билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы мамлекеттик кризистик борбор ачылаары пландалууда.

«Аялдарга жардам берүү үчүн бир кризистик борбор ачууга мамлекет тарабынан 3 млн 400 миң бөлүндү»,-деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө 16 күндүк «Зомбулуксуз жашоо» өнөктүгү башталды. Өнөктүк 25-ноябрда башталып, 10-декабрь — Адам укуктарын коргоо күнүндө аяктайт.

Количество просмотров: 74