• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте 4 балалуу үй-бүлө киоскиде жашап келген

18 Үчтүн айы 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте төрт балалуу үй-бүлө киоскиде жашап келгени аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы тараткан маалыматта айтылат. Үй-бүлө Белорусская көчөсү менен Соң-Көл чолок көчөсү кесилишкен жердеги павильондо күн кечирип келген.

Ал жерде балдарды тарбиялоого жана багууга шарт жоктугунан улам 11-январда жашы жете электер боюнча инспекторлор менен мэриянын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлери балдарды алып кеткенге аракет кылышкан. Бирок атасы балдарын бербей каршылык көрсөткөн. Ал Октябрь райондук милициясына жеткирилген.

Ал эми энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана кризистик борбордо жашап туруу сунушталган. Учурда эне балдары менен борбордо жашап жатат.

Количество просмотров: 183