• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн убактысы жылдырылат

31 Жалган куран 2020 14:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн убактысы жылдырылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, азыркы учурда коронавируска байланышкан кырдаалга улам тестирлөөгө каттоо токтотулган.

«Кырдаал жөнгө салынгандан кийин, окуучуларды каттоо башталат», — деп ал, жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүнүн мөөнөтү жылдырыларын билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Ал эми тестирлөөнүн өзү 15-20-май аралыгында болуп өтмөк. Жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер тапшырат. Абитуриенттер негизги тесттен тышкары, алар өздөрү тандаган багыт боюнча кошумча предметтик тесттерди – химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тили, кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият боюнча тест тапшырышат.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылы киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 108