• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кыргызстанда жашоо минимуму 6332 сомду түздү

14 Теке 2021 18:15 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын II кварталында жашоо минимумунун чоңдугу 6 332,05 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарында II кварталда жашоо минимумунун өскөндүгү белгиленди.

Нет описания.

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65%ды, азык-түлүк эмес товарлар – 16%ды, кызмат көрсөтүүлөр – 17%ды жана салыктар – 2%ды түзөт.

Нет описания.
Количество просмотров: 153