2025-жылдын III кварталында орточо эсеп менен калктын жан башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 миң 758 сомду түздү.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11 пайызга өскөн.
Жашоо минимумунун суммасы эң чоң Бишкек шаарында 9114 сом, ал эми эң аз Ысык-Көл облусунда 8017 сом деп эсептелген.