2024-жылдын аягында Кыргызстанда жашоо минимум бир кишиге 7963 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү Ырыскан Калымбетова билдирди.
Жашоо минимумунун баасы 7681 сомду түзгөн 2023-жылга салыштырмалуу 3,7%га өскөн.
2024-жылы эмгекке жарамдуу калк үчүн көрсөткүч 8906 сом, пенсионерлер үчүн 7063 сом, балдар үчүн 4805 сом болгон.