2024-жылы Кыргызстанда жеке үйлөрдүн бир чарчы метринин орточо баасы 25,2%га кымбаттады. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматында айтылат.
Кыргызстанда 2024-жылдын январь-декабрында турак жайларда бир чарчы метрдин баасы 142 142 сомду (1 618 доллар) түздү. Мындан туура бир жыл мурун чарчы метр 113 458 сом (1 302 доллар) болгон.
Кыргызстанда жеке турак-жай көбүрөөк пайдаланууга бериле баштаганы менен чыгым кымбаттады.
Коммерциялык жайларда бир чарчы метрдин орточо баасы 110 414 сомду (1 257 доллар) түзөт. Жыл ичинде ал 51 085 сомго (581 доллар) өскөн.