• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда жер силкинди

19 Жалган куран 2024 22:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнен билдиришти.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 19-март күнү саат 21:05те Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган

Жер титирөө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 балл, Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, Таш-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 баллга (Кашка-Суу айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бишкек шаарынан 33 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 666