• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда жер силкинди

11 Жетинин айы 20209:03 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, анын күчү очогунда 6 баллга жеткен. Жер титирөө саат 20:37де болгон.

Жер титирөө Баткен облусунун Кан, Зардалы айылдарында 3 балл, Баткен шаарында жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында дээрлик 2,5 балл болуп сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Количество просмотров: 95