• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда жер титирөө катталды

16 Чын куран 202610:03 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 16-апрелде эртең менен Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:57де катталган. Жер титирөө очогунда күчү болжол менен 4,5 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу төмөнкү калктуу конуштарда жайгашкан:

  • Коңорчок айылынан түндүктү көздөй 18 км;
  • Чолок-Кайың айылынан түндүк-батышты көздөй 16 км;
  • Баетов районунун борборунан түндүк-батышты көздөй 28 км;
  • Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 115 км.

Жер титирөө Коңорчок жана Чолок-Кайың айылдарында 3,5 балл, Кош-Булак, Жаңы-Тилек айылдарында жана Баетов районунун борборунда 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Количество просмотров: 165