• Жума 10 Теке 2026
  • Пятница 10 Июль 2026

Нарында экорейд өттү

10 Теке 202613:55 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Жылаңач жайлоосунан Коңорчок айылынын М.А.К. аттуу тургуну кармалган. Ал эч кандай уруксат кагазы жок, сайсыз 20 калибрдеги аңчылык куралын колдонуп жүргөн. Алынган курал мындан аркы иликтөө иштери үчүн Ак-Талаа РИИБге өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары, Арпа суусунан тиешелүү уруксаты жок жана эрежелерди сактабай балык уулап жаткан 3 жаран аныкталган. Натыйжада Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, алардын ар бирине 1000 сомдон, жалпы 3000 сом айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды айлана-чөйрөнү коргоого жана экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырат. Мындай рейддик иш-чаралар аймактарда туруктуу түрдө улантылат.

Количество просмотров: 30