Нарын облусунун бюджети үч эсеге өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдарда аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалды.
2021-жылы облус бюджетинин көлөмү 960 млн сом болсо, былтыркы жылы ал 2 млрд 334 млн сомду түзгөн. Жыл соңунда бул каражат 7 млрд 680 млн сомго жеткен.
“Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөргө бюджет түзүүчү тармактарды тартипке келтирип, көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликке басым жасалгандыктан улам жетишип келебиз. Мына ошондуктан, республиканын консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашып олтурат. Нарын облусунун бюджети 2025-жылы 2,3 млрд сом болуп бекитилгени менен, жыл соңунда облуска 7 млрд 680 млн сом бөлүндү. Башкача айтканда, бекитилген бюджеттен 3 эсе көп каражат берилди» — деди президент.