Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Саат 08:00дө өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү башталды.
Ал эми чет мамлекеттерде жарандардын шайлоо укугун камсыздоо максатында 100 шайлоо тилкеси түзүлдү.
Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштейт. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.