• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда ЖОЖдор трансформацияланат

8 Кулжа 2021 15:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү трансформациялоо жана мыйзамдык актыларды кайра карап чыгуунун алкагында Кыргызстандагы университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына «Университет-4.0» моделин киргизүү үчүн алгачкы кадамдар ташталды.

«Бул модель кадрларды даярдоо сапатын жакшы нукка алып барат деген ниеттебиз. Азыркы учурда окуу жайлар академиялык билим менен гана чектелип жатышат, бизнес болсо алдыга кеткен. ЖОЖ адиси бизнестеги жаңы технологияны колдоно албайт. Жаңы модель боюнча ЖОЖдордо билим менен илимдин негизинде жаңы инновация пайда болуп, анан анын прототиби чыгып, бизнеске барышы керек», — дейт министрдин орун басары.

2-3 ай мурун Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен атайын жумушчу топ түзүлүп, анализ жүргүзүлүп, европалык моделди биздин шарттарга, менталитетке ылайыкташтырган «Университет-4.0» моделинин жол картасынын долбоору иштелип чыккан. Долбоор 14-майда коомчулукка көргөзүлүп, учурда сунуштардын үстүндө иш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 196