• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандагы банктар менен насыялык уюмдарга убактылуу талаптар киргизилди

23 Жалган куран 202014:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ишкерлерди колдоо максатындагы аракеттер улантылып жатат. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, ишкерлик чөйрөнүн субъекттерин колдоо максатында Улуттук банктын токтому менен коммерциялык банктардын жана банктык эмес каржы-насыялык уюмдардын ишмердүүлүгүнө карата убактылуу талаптар киргизилди.

Алар:

  • насыя келишимдеринин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү кошууга жана алууга тыюу салынат;
  • насыялык келишимдерде каралган милдеттерди аткарбоого/тийиштүү эмес аткарууга карыз алуучуга айыптык санкцияларды, анын ичинде үстөк айыптарды (айып пул/пеня) салууга жана алууга тыюу салынат;
  • берилген насыялардын төлөмдөрү боюнча, кеминде үч айга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталат.

Ипотекалык насыяларга байланыштуу маселе каралып жатат.

Количество просмотров: 154