• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Кыргызстандагы эң жогорку сыйлык кимдерге ыйгарылды жана кайсы эмгеги үчүн?

1 Аяк оона 2022 17:00 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге ыйгарылды. (каза болгондон кийин).

Дүйшеев Арстанбек Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. 1981-1986-жылдары Кыргыз ССР Министирлер Советинин төрагасы болгон. 1954-1960-жылдары Жумгал, Тоң районун чарбаларында ветврач, директор. 1960- 1971-жылдар аралыгында Кыргызстан КП Жумгал райкомунун 2-катчысы, Өзгөн райкомунун, Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы. 1979-жылдан Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1986- жылдан Кыргызстан Ветеринария илим изилдөө институнун директору. Кыргыз Республикасынын эмгек синирген кызматкер (1992), Ветеринария илимдеринин кандидаты (1968). Эмгек Кызыл туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке  ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго ыйгарылды.

Апас Жумагулов 1934-жылы төрөлгөн. Совет учурунда бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп, Кыргызстан Компартиясынын төрагасы да болгон. 1993-жылдан 1998-жылга чейин өкмөт башчылык милдетти аркалаган. Андан кийин онго жакын мамлекеттерде Кыргызстандын элчиси болуп эмгектенген.

Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкуловго ыйгарылды.

Медеткан Шеримкулов 1971-1990 — Кыргызстандын мамлекеттик жана партиялык жетекчиси, Ысык-Көл обком партиясынын секретары, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин идеология боюнча бөлүм башчысы, Дене тарбия жана спорт институтунун ректору, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин партиялык көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы болгон. Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин секретары. 1980-1995 — бир нече ирет Жогорку Кеӊешке депутат болуп шайланган. 1990-1995 — Жогорку Кеӊештин төрагасы. 1998-2002 — Кыргызстандын Түркиядагы элчиси. 2007-2012 -Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчиси болгон.

Болотбек Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) жарык дүйнөгө келген. Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган. Эмгек жолу: 1964-1990 — «Кыргызфильм» киностудиясында режиссёр-коюучу; 1989-1995 — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты; 1990 — «Салам-Алик» жеке кинокомпанияны негиздеп жетектеген; 1995 — «Манас» эпосунун 1000 жылдыгындагы театрлаштырылган оюн-зооктун башкы режиссёру; 1998 —1999 — Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; 2000 —2002 — Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу. Узакка созулган оорудан улам 2019-жылы 21-декабрда көз жумган.

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.

Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. 1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин “инженер-химик” адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юрист” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл-чарба продукцияларын даярдоочу өндүрүш фирмасынын директору болуп баштаган. Андан соң Ташиев айыл-чарба кооперативинин башкармалыгынын төрагасы, КР өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин жардамчысы, ЖК депутаты, Өзгөчө кырдаалдар министри болуп эмгектенген. 2020-жылдын 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп дайындалган.

Белгилей кетсек,  Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси. 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мимлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Аны алган инсан Кыргыз Республикасынын Баатыры болот. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери ага 32 адам татыды.

КР баатырлары:

  • Түгөлбай Сыдыкбеков;
  • Чыңгыз Айтматов;
  • Тургунбай Садыков;
  • Салижан Шарипов;
  • Турдакун Усубалиев;
  • Сабира Күмүшалиева;
  • Акбаралы Кабаев;
  • Курманбек Арыков;
  • Асанкан Жумакматов;
  • Мамбет Мамакеев;
  • Абсамат Масалиев;
  • Сүйүнбай Эралиев;
  • Сооронбай Жусуев;
  • Төлөгөн Касымбеков;
  • Эрнис Акрамов;
  • Кулийпа Кондучалова;
  • Дооронбек Садырбаев;
  • Исхак Раззаков;
  • Алисбек Алымкулов;
  • Бексултан Жакиев;
  • Муталин Мамытов;
  • Таштанбек Акматов;
  • Жусуп Мамай;
  • Алмазбек Атамбаев;
  • Түгөлбай Кулатов;
  • Султан Ибраимов;
  • Акматбек Сүйүнбаев;
  • Жусуп Абдрахманов.

КР Баатыры эгер иштесе, айлыгы эки эсе жогорулайт. Ал эми пенсиясы ошол бойдон калат. КР Баатырларынын көпчүлүгү — пенсия курагындагылар.

Количество просмотров: 1351