• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Айзаданын өлүмү: Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысы акталды

9 Бугу 2024 12:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу шалаакылыкка айыпталган Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев акталды. Бул тууралуу  Айзада Канатбекованын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, иш 8-май күнү Биринчи май райондук сотунда каралган. Чечимди судья Чолпонай Уметалиева чыгарган.

Биринчи май районук сотунун басма сөз кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Эки күндөн кийин ал жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине «шалаакылык» деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган.

Количество просмотров: 154