• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстандагы карылар үйүндө жашаган чечен абышканы Рамзан Кадыров алып кетет

12 Кулжа 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган, Грозныйлык Данганы Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун жеке тапшырмасы менен аталган өлкөгөалып кетүү каралууда. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык түйүндөгү өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

«Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстанда карылар үйүндө жашап жаткан 81 жаштагы грозныйлык Данга чоң ата тууралуу тарткан сюжетимди көрүп, жардамчыларына мени менен байланышууну тапшырыптыр. Алар мага чалып, Данганы алып кетүү ниетин билдиришти. Мындай аракети менен Рамзан Кадыров мени таң калтырды. Мына чыныгы элдин атасы ушундай болуш керек», — деди Молдокматова.

Белгилей кетсек, 81 жаштагы Данга Грозный шаарында туулган. Массалык жер которууда Кыргызстанга келген карыя 10 жылдан бери карылар үйүндө жашайт. Чеченстанга кетүүнү кыялданган Данганын үй-бүлөсү жана жакын туугандары жок.

Браво, Рамзан Ахматович !!! За 20 лет благотворительности впервые вижу, как Президент страны , Глава Республики так остро и оперативно реагирует на страдание своего соотечественника !Реакция на историю Данги , который родом из Грозного доказывает ещё раз сплоченность чеченского народа и восхищает !!!

Опубликовано Assol Moldokmatova Четверг, 11 июня 2020 г.
Количество просмотров: 734