• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кадыровдун 17 жаштагы уулу ИИМдин куратору болуп дайындалды

2 Чын куран 20259:20 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу Адам Кадыров ИИМдин куратору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат 31-мартта белгилүү болгонун Кавказ.Реалии сайты жазды.

Чеченстандын Ички иштер министрлигинин башчысы Аслан Ирасханов мындай чечимди Рамзан Кадыров кабыл алганын билдирди.

17 жаштагы Адам Кадыров атасынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы жана шейх Мансур атындагы батальондун жетекчиси. Ал Чеченстандын баатыры наамына да ээ болгон.

Количество просмотров: 167