• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рамзан Кадыров Россиянын миграциялык саясатын сындады

7 Тогуздун айы 202423:24 Бишкек Govori.TV

Россиянын миграция саясатын катаалдатуучу мыйзамдык демилгелерин Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналына катуу сындап жазды.

«Россияны кимдир бирөө кошуна бир тууган өлкөлөр атайын кагыштырууга алып бараткансыйт. Миграциялык саясатты өзгөрткүсү келсе, жергиликтүү эместердин бардыгына кутургандай кол салып, мындай жийиркеничтүү түрдө өзгөртүүнүн кереги жок эле. Эч кандай суроосу жок кармашып, акыркы кезде мындай иштер өтө ырайымсыз жасалып жатат», — деп жазды Кадыров.

Ал мигранттарды массалык түрдө айдап чыгуу маселени чечпестигин, себеби маселе аларда эмес, өз кызматтык милдеттерин аткара албаган айрым тоготпос аткаминерлерден улам азыркы абал түзүлгөнүн белгиледи.

«Коомдо мигранттарга каршы жек көрүүнү жаратуу менен, биз жакшы нерсеге жетпейбиз, тескерисинче, абалды курчутабыз. Жок дегенде азыр бул тармакта сабаттуу миграциялык көзөмөлдү жолго коюп, туура саясатты калыптандыруу зарыл. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн жарандарын башаламан инквизицияга дуушар кылбоо керек. Мунун кесепетин эмес, себептерин жок кылуу керек», — деп билдирди Чеченстандын президенти.

Количество просмотров: 262