• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кыргызстандагы The Rolls рок тобу Ливерпулдагы The Beаtles фестивалына катышууда

22 Баш оона 202420:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык The Rolls рок-тобу Ливерпулда өтүп жаткан Эл аралык Beatleweek фестивалына катышып, өнөрлөрүн көрсөттүүдө.

Концерттердин бири The Cavern Club клубунда болуп, анда атактуу төрт музыкант жүздөгөн жолу концерт коюшкан, — деп белгиледи топтун мүчөсү Данияр Жуманазаров.

«Биз гештальтты жаап, өзүбүздүн эле эмес, Кыргызстандын музыкалык турмушунун жаңы барагын ачкандай болдук. Кыялды ишке ашырып, дүйнөнүн төрт тарабынан келген музыканттар менен бир сахнага чыгуу укугуна ээ болуу үчүн, он эки жылдык репетиция жана күтүү керек болду.

Бизди мурда чакырышчу, бирок дайыма тоскоолдуктар жаралып турду. Фестивалдын уюштуруучулары менен өз алдынча байланышып, виза алып, Ош базарынан сувенирлерди, улуттук кийимдерди сатып алдык. Жадакалса кадырлуу аксакалыбыз Орозобай Кенчинбаевдин тумар кылып жасаган комузун да ала келдик.

Азыр биз башка фестивалдын катышуучулары жана музыкага берилген адамдар менен таанышып, биздин кооз өлкөбүз тууралуу айтып берип жатабыз. Ошондой эле бул жерде «Битлз» кандайча жогорку музыкалык искусство жана руханий феномен катары таанылганы боюнча пикир алышып жатабыз».

The Beatlesге арналган фестиваль 80-жылдардан бери жыл сайын августтун аягында Ливерпулда өткөрүлүп келет. Бул жылы ага 70тен ашык мамлекет катышууда, КМШдан жалгыз The Rolls келген. 27-августка чейин Ливерпулдун ар кандай музыкалык жайларында The Rolls тобу концерт коюшат.


Количество просмотров: 53