• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстандагы ЖМКнын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланды

23 Жалган куран 2022 14:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өтүп жаткан “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” атуу форумда белгилүү болду.

Жаңы курам жабык добуш берүү менен отуздай талапкердин арасынан тандалып, журналисттерден Семетей Аманбеков, Али Токтакунов, Асел Сооронбаева, Өмүрбек Сатаев, Кайыргүл Урумканова жана Дилбар Алимова кирсе, ал эми жарандык коом жана медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн Тамара Валиева, Авланбек Жумабаев, Нургүл Абдыкеримова, Алмаз Исманов, Данияр Садиев, Нурбек Токтакунов жана Наргиза Нанакеева кошулду.

Белгилей кетсек, маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия мүчөлөрү журналисттердин макала-баяндарына нааразы болгон тараптардын арыздарын карашат. Нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарат.

Комиссия 2007-жылы декабрда журналисттердин республикалык курултайында түзүлгөн. Комиссиянын мүчөлөрү 2012 жана 2018-жылдары, ошондой эле бүгүн, 2022-жылдын 23-мартында кайра шайланды.

Количество просмотров: 92