• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Катуу шамалдын кесепети. Чыгымдар эсептелүүдө

29 Жалган куран 2024 14:26 Бишкек Govori.TV

Катуу шамал алып келген чыгым эсептелип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында атайы түзүлгөн комиссия иш алып барууда.

«Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бишкек шаарында 70ке жакын бак кулап, 66 имараттын чатырын учуруп кеткен. Анын ичинен 26сы социалдык объект, калыбына келтирүү иштерин баштадык»,-деди вице-мер.

Эске салсак, ӨКМге караштуу Гидромет кызматынын маалыматы ылайык, Бишкек жана Чуй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Количество просмотров: 94