• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кыргызстандан 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттолгон

5 Бештин айы 202411:56 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 10 айында Кыргызстандан 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттолгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрүк негизинен Россияга (17 050 тонна), Казакстанга (5476 тонна) жана Беларуска (105,1 тонна) экспорттолду.

Республика боюнча 12,7 миң гектар аянттагы өрүк бактары мөмө берүү курагында, алардын көбү Баткен жана Ысык-Көл облустарына туура келет.

Количество просмотров: 81