8-январга караган түнү Иран мамлекети АКШнын Ирактагы «Аль-Асад» аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасады. Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Ракеталык-бомбалык сокку 30дан ашуун ирет болду. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген. Кыргыз мамлекетиндеги “Манас” эл аралык аэропортунда АКШнын аскердик базасы 2001-жылы ачылган. 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда жаңы келишим түзүлүп, мурдагы «Манас» аба базасынын аталышы жөн гана транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишимге ылайык, борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктаган. Алмазбек Атамбаевдин убагында бул келишимди узартуудан баш тартылып, америкалык база өлкөдөн чыгарылган.
Булак: super.kg