«Манас» эл аралык аэропортунан бир катар каттамдар жандандырылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлап, каттамдардын тизмесин жарыялады.
«Манас» аэропортунан бүгүнкү күндө төмөнкү багыттар боюнча бир катар каттамдар жандандырылган:
«Ош» аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча чартердик каттамдар жүргүзүлөт:
Ички каттамдар:
Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына барганга чейин 3 күн мурда коронавируска текшерилген ПЦР анализдин (терс) жыйынтыгын алышы керек.
Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЦР — тесттин жыйынтыгы керектелбейт.
Жүргүнчүлөр жолго чыгарда ала турчу документтер:
-ПЦР – тест;
-жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу) (аты-жөнү, туулган жылы, күнү, айы, жынысы, паспорттун мөөнөтү), өзгөчө жаңы паспортко көңүл буруу керек.
* Учакка билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө кайрылыңыздар.
Аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт.
Бардык жарандар милдеттүү түрдө беткап режимин жана социалдык аралыкты сакташы шарт.