Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаевге «Россиянын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамын ыйгарды. Бул тууралуу жарлыкка 24-январда кол коюлган.
Акаев азыркы учурда Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору болуп эмгектенет.
Документке ылайык, Акаевге бул наам “илимий-педагогикалык ишмердикте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги” үчүн ыйгарылды.
Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоодон кийин бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эмгектенет, аталган окуу жайдын профессору.