• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандан Кытайга өрүк экспорттоо аракети көрүлүүдө

26 Кулжа 202511:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Кытайга данектүү жемиштерди экспорттоону камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы менен биргеликте Кытайга данектүү өсүмдүктөрдү экспорттоо боюнча протоколду ишке ашыруунун алкагында Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарында өрүк жана шабдалы бактарын, таңгактоочу цехтерди видеоинспекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Видеоинспекция 2025-жылдын 24-июнунан 26-июнуна чейин кытай тарап менен биргеликте дистанттык (аралыктан) форматта жүргүзүлөт. Иштин жүрүшүндө өрүк жана шабдалы бактарынын фитосанитардык абалы, ошондой эле жыйноо, сактоо жана таңгактоо шарттары бааланат.

Иш-чаранын максаты кыргыз өрүгү менен шабдалысынын Кытайдын фитосанитардык талаптарына шайкештигин тастыктоо жана бул продукцияны Кытай рыногуна туруктуу экспорттоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Количество просмотров: 138