Кыргызстандык 3 окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды.
International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 мыкты мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.
Улуттук олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы менен 4 окуучу Кыргызстандын наамын коргоо үчүн Индонезияга барган.
Жыйынтыгында:
1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучу — коло медаль;
2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр лицейинин 10-классынын окуучу — коло медаль;
3. Данияр Бейшекеев, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү — коло медаль;
4. Талант Дыйканбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин бүтүрүүчүсү – ардак грамота.