• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандык балбан кыздар Бишкекке келди

9 Тогуздун айы 202111:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык балбан кыздарыБишкек шаарына кайтып келди.

Кыз-келиндер командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, Айсулуу Тыныбекова,Мээрим Жуманазарова,Айпери Медет кызын «Манас» эл аралык аэропортунан күйөрмандары майрамдык маанайда тосуп алышты.

Ослодо өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунунда 5 медаль бар: кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Количество просмотров: 232