Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн мелдештин экинчи күнүндө дагы 4 медалга ээ болушту.
Эл аралык мелдеш Атырау шаарында өтүп жатат. Мелдештин экинчи күнү грек-рим күрөшү боюнча дагы 5 комплект медаль ойнотулду.
Акыл Сулайманов 60 кг салмакта, Раззак Бейшекеев 67 кг салмакта жеңүүчү болушту. Нурмухаммед Абдуллаев 60 кг салмакта, Ырыскелди Максатбек уулу 77 кг салмакта коло медалга татышты.
Мелдештин биринчи күнү балбандар эки күмүш, эки коло медаль алышкан.
Грек-күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ушу тапта 2 алтын, 2 коло, 4 күмүш медаль жеңип алышты.
.