• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргызстандык балбандар Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль утту

7 Баш оона 2023 8:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын алты мүчөсү Младеновац шаарында (Сербия) өткөн Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) алтын медаль тагынды.

Бексултан Махмудов (97 кг) күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) өз салмагында коло медалдын ээси болушту.

Эскерте кетсек, Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеш 5-августта жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу катышкан.

Количество просмотров: 116