• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мыктыбек Оролбай уулу жеңилсе да 78,5 миң доллар алат

28 Тогуздун айы 202411:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу UFC алкагында үчүнчү беттешин өткөрдү. Ал Абу-Дабиде өткөн UFC 308 мелдешине катышып, анын атаандашы Польшадан Матеуш Ребецки болгон.

Оролбай уулу калыстардын чечими менен атаандашына жеңилди. Бул беттеш мушташтын көркү болду.

Ушул мушташы үчүн кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу 78,5 миң доллар алат. Базалык бөлүгү үчүн – 24 миң доллар, демөөрчүлүк төлөмдөр – 4,5 миң доллар, “Мыкты мушташ үчүн” бонус – 50 миң доллар.

Мурунку эки беттешинде Мыктыбек Оролбай уулу эки жеңишке жеткен.

Количество просмотров: 370