Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Улукбек Жолдошбеков Түркиядагы «Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan» эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды.
Жолдошбеков 65 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты. Алтын үчүн беттеште Жолдошбеков азербайжандык спортчуну жеңип, алтын медаль тагынды.
Ошондой эле эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу эл аралык мелдеште алтын медалга татыды.
Аталган мелдеш 7-марттан 11-мартка чейин Анталия шаарында өтүүдө.