• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык беш спортчунун Олимпиадада качан таймашары белгилүү болду

8 Үчтүн айы 202013:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык беш спортчу Токиодогу 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Олимпиада оюндарынын расмий сайтында мелдештердин жүгүртмөсү жарыяланды.

Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи ушул жылдын 24-июлунда өтөт.

Кыргызстандык спортчулар сууда сүзүү, жеңил атлетика, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча жолдомолорго ээ болушкан.

Суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн эки түрү боюнча катышат.

  • 25-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча 100 метр аралыкка;
  • 28-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 07:30да сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча 200 метр аралыкка.

Жөө күлүк Дарья Маслова жана Юлия Андреева:

  • 8-августта Бишкек убактысы боюнча саат 04:00дө – марафон.

Грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки балбан Атабек Азизбеков:

  • 4-августта Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат.

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейинки салмак):

  • 4-августта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат.

Булак: «Кабар»

Количество просмотров: 77