13-15-август күндөрү Германиянын Штутгарт шаарында спорттук бал бийи боюнча жыл сайын өтүүчү German Open Championship WDSF 2024 эл аралык турнири болуп өттү.
Мелдешке Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Болгария сыяктуу 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Турнир Дүйнөлүк бий спорту федерациясынын (WDSF) колдоосу астында өттү.
Турнирде Кыргызстандын бий спорт федерациясынын спортчулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
“Жаштар, Латын” категориясында (WDSF Open Latin Youth 2024) кыргызстандык бийчи түгөйлөр Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 30 өлкөдөн келген 138 түгөйдү утуп, алтын медалга ээ болушту.