13 жаштагы Элес Намазалиева Австриянын муз үстүндө бийлөө боюнча чемпионатын үчүнчү ирет утуп алгандыгын маалымат булактары жазып чыкты.
Элестин атасы Капар Намазалиев кызы өспүрүм экендигине карабай, муз үстүндө бийлөөдө жаштардын чемпионатына катышып, биринчи орунга татыктуу болгон.
Австриянын жергиликтүү маалымат булактары Э. Намазалиева бул мелдеште 101,16 упай топтоп, өз атаандаштарынан ат чабым алдыга чыккандыгын жазып жатышат. Элес бул жеңишке эки программаны эң мыкты аткаруу менен жетишкен.
Мындан ары Элес жаштар арасында Европанын ар кайсы шаарларында өткөрүлө турган Гран-приге катышууну каалай тургандыгын билдирген.
Буга чейин мекендешибиз мектеп жашындагы кенже окуучулар арасындагы да эки ирет чемпион болгон.