Кыргызстандык кикбоксчулар дүйнөлүк чемпионатка катышып, байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Кикбоксинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеш 23-августунан 1-сентябрга чейин Будапешт шаарында өттү. Дүйнө чемпионатына 72 өлкөдөн миңден ашык спортчу катышты.
Даниэль Дрожников 1-орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталса, 42 кг салмакта Рабия Исраилова кик-лайт секциясы боюнча 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, спортчулар Маралбек Давлеткулов менен Рустам Ибраимовдун жетекчилиги астында өнөрлөрүн көрсөтүштү.