• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кыргызстандык гимнасттар Сербиядагы турнирде күмүш медалга ээ болушту

6 Тогуздун айы 202419:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык гимнасттар Сербиянын Белград шаарында өткөн эстетикалык топтук гимнастика боюнча жогорку категориядагы турнирде күмүш медалга ээ болушту.

Турнир 5-6-октябрда өтүп, ага 16 өлкөдөн 600 гимнаст катышты. Кыргызстандын атынан Сейитбекова Амалия, Токушова Айым, Мадали Амира, Чонбашева Алтынай, Пономарева Таисия жана Сыдыкбаева Алия катышты.

Ошол эле учурда өткөн көркөм гимнастика боюнча турнирде топ менен көнүгүү боюнча алтын алып келген Токушова Айым өзгөчөлөнгөн.

Ал эми сегиз жаштагы Арууке Абдырасакова аппаратсыз көнүгүү боюнча үчүнчү болду.

«Мисс Шарм» жана «Мисс Смайл» наамдары Таисия Пономарева менен Алия Сыдыкбаевага ыйгарылды. Гимнасттар гимнастика академиясынын клубунун, ошондой эле Ынтымак спорт жана өспүрүмдөр спорт мектебинин атынан катышууда.

Количество просмотров: 201