• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык ишканалар Сибирь аймагына өз продукциялары менен чыга алышат

9 Бештин айы 202415:36 Бишкек Govori.TV

2-6-декабрда Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугунун колдоосу менен «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун делегациясы жана кыргыздын алдыңкы тамак-аш ишканаларынын өкүлдөрү «Сибирь азык-түлүк жумалыгы – 2024» көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Көргөзмөдө өндүрүүчүлөр сүт азыктары, табигый ширелер, компоттор, эт жана колбаса азыктары, кургатылган жемиштер, жарым фабрикаттар, консервацияланган жана жаңы жашылча-жемиштер сыяктуу продукцияларды тааныштырууга жана дегустациялоого мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз өндүрүүчүлөрү орусиялык чекене соодагерлер жана импорттоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Анын натыйжасында кыргыз продукциясын Сибирь федералдык округунун базарына жеткирүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Мындан сырткары, делегация Новосибирск облусунун өнөр жай, соода жана ишкердикти өнүктүрүү министри А.А. Гончаров, ошондой эле ири соода-логистикалык борборлордун жетекчилери: «Новосибирск соода-өнөр жай палатасы», «Хилок базары», «Русагромаркет», «Фудсиб» жана «Азия-Сибирь» менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө делегация Новосибирск облусунун ири соода-логистикалык борборлорунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, Кыргызстандын жашылча-жемиш жана тамак-аш азыктары үчүн кампаларды ачуу маселесин талкуулашты.

Количество просмотров: 113