Кыргызстандык компания АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине кирди. Ишкананын аталышын Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин сайтына чыккан тизмеден караса болот.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда катталган «Укон» ЖЧКсы (UCON COMPANY) “экинчи ирет салынган сакциялар” категориясына илинген.
Компанияга Россиянын согуштук-өнөр жай комплексин колдогон деген кине коюлган.
Кыргызстандын Юстиция министрлигиндеги маалыматка таянсак, «УКОН» жоопкерчилиги чектелген коому 2022-жылдын август айында каттоодон өткөн. Анын негиздөөчүсү катары Гафар-Заде Мехти Фикрет оглу аттуу киши белгиленген.