• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияга барат

6 Бирдин айы 2023 19:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркияга жөнөшүүдө, алар катуу жер титиреген аймактарда куткаруу иштерине көмөктөшүшөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 19:00дө алдын ала маалыматтар боюнча 63 куткаруучу жана 2 кинолог учуп кетишмекчи.

“Куткаруучулар өздөрү менен кошо куткаруу жабдууларын ала кетишет. Алар: чатырлап, талаа шартында иштөө үчүн азык-түлүктөр”, — деди ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ЖМКларга зилзаланын кесепетинен өлкөнүн түштүк-чыгышында 912 адам каза болуп, 5385 адам жабыркаганын билдирди.

“Жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де болгон жер титирөө 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн берки Түркиянын тарыхындагы эң чоң кырсык болду. Тилекке каршы, тилекке каршы өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн”, — деген президент издөө-куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

Түркияга чектеш Сирияда жергиликтүү саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 326 адам каза болуп, миңден ашууну жабыркаган.

Количество просмотров: 140