• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргызстандык мугалим Азамат Нурматовдун Түркияда кармалышынын себеби айтылды

28 Чын куран 202514:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулунун Түркияда кармалышы боюнча айрым маалыматтарды айтып берди.

“2016-2017-жылдары Түркияда аскердик төңкөрүш кылуу аракети болгон. Азамат Нурмат уулу ошол күндөрү Түркияда бир жатаканада жашап, бир уюлдук тиркемени колдонуптур. Ал көбүнчө Фетхулла Гүлендин колдоочулары колдонуп жүргөн программа экен. Ошонун негизинде Түркия Нурмат уулуна өлкөнүн ичинде издөө жарыялап, кармалган. Жактоочу менен биздин кызматкерлер байланышып жатат. Мен Азамат Нурмат уулунун жубайы, апасы менен жолугуп маалымат бердим”, — деди ал.

Количество просмотров: 356