• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль жеңди

20 Теке 202613:13 Бишкек Govori.TV

Агартуу министрлиги билдиргендей, “Аалам” эл аралык (AIMS Razzakov) мектебинин 12-классынын окуучусу Эрмек Саматов Химия боюнча 58-эл аралык олимпиадада (International Chemistry Olympiad, IChO) коло медаль жеңип алды.

Олимпиада 2026-жылдын 10–19-июль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтүп, ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген эң мыкты окуучулар катышып, химия боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Команданын машыктыруучулары жана жетекчилери: профессор Тынчтык Аматов, Эльбрус Тажибаев, Иван Решетников, Максатбек Кахраманов.

Количество просмотров: 44