• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык снайперлер эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды алды

21 Теке 202515:24 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын «Калкан» атайын багыттагы командасы Sharp Blade-2025 снайперлеринин эл аралык мелдешине ийгиликтүү катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, мелдеш 15-июлдан 18-июлга чейин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн машыгуу базасында өттү.

Мелдешке 25тен ашуун өлкөдөн 55тен ашуун снайпердик команда катышты.

Сынактын жыйынтыгында «Калкан» атайын багыттагы отряды өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи. Ал эми команданын катышуучуларынын бири жеке мелдеште биринчи орунду алган.

Количество просмотров: 117