22-23-февраль күндөрү Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) арасында XXVIII эл аралык мелдеши өтөт.
Белгиленгендей, жеңүүчүлөрүнө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92, 110 кг салмак категорияларында күч сынашат.