• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эл аралык мелдеште кыргыз мушкерлери байгелүү орундарга ээ болду

17 Чын куран 202512:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Улуу жибек жолу” эл аралык мелдешинде 2 коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Азейбайжандын Баку шаарында 11-15-апрель күндөрү өтүп, ага 9 мамлекеттен келген 175 мушкер катышты.

Алсак, 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу жана +92 кг чейинки салмакта Мырзакир Кошалиев коло медаль утту.

Улутук курам машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Количество просмотров: 231