Орусияда Кыргызстандын жаранына карата кылмыш иши козголгонун РФ Тергөө комитети билдирди.
Ал Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 30-105-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча шектелүүдө.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, кылмыш 24-октябрда болгон. «Яндекс такси» кызматында иштеген кыргызстандык жаран кардары менен уруша кеткен. Кардар жол кире төлөөдөн баш тарткан. Ушундан улам алар мушташып, кыргызстандык жүргүнчүнү отвертка менен төрт жолу сайып жиберген.