• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кыргызстандык зыяратчылардын үчүнчү тобу Медина шаарына аман-эсен жетти

19 Кулжа 20229:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык ажылардын үчүнчү тобу Сауд Араб падышачылыгынын Медина шаарына учуп келишти. Болочок ажыларды коштогон 3 дарыгер бар. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

«18-июнда Кыргызстандык ажылардын үчүнчү тобу Медина шаарына келди. Учурда автобустарга жайгаштырылып, мейманканага сапар алышты. Мекендештерибиздин маанайлары жана ден соолуктары жакшы»,-деди Медина шаарындагы штаб өкүлү Жоробай ажы Шергазиев.

Эскерте кетсек, жалпы Медина шаарына 1213 Кыргызстандык болочок ажылар келишти. Акыркы каттам 22-июнь күнү Бишкек — Медина багыты боюнча учуп келишет.

Количество просмотров: 481